Menu

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун аппелляциялык арызы каралат

Бөлүшүү:

7-февраль күнү Бишкек шаардык сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишинин апелляциялык арызы боюнча отурум өтөт. Бул тууралуу айыпталуучулардын жактоочусу Сергей Слесарев журналисттерге билдирген.

Жактоочу айыпталуучуларынын күнөөсү жоктугун айтып, далилдер жок экенин билдирген.

Белгилей кетсек, 2019-жылды 23-декабрь күнү Ленин райондук сотунда экс-мэрлерге байланыштуу сот отурумунда Кубанычбек Кулматов күүнөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып салынган. Ал Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кубанычбек Кулматов «Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деген айып менен камалган. Ал эми Албек Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен камалган. Бирок, экөө тең мындай айыпты четке кагып келет.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: