Бүгүн, 5-февраль күнү Жогорку Кеңештин депутаттары өзгөчө кырдаалдар министрине Замирбек Аскаровдун, ал эми вице-премьер-министрликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин жактырды.
Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.
Вице-премьер-министр кызматына Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Эркин Асрандиев көрсөтүлгөн.
Ал эми ӨКМдин башчылыгына 3-февраль күнү өз эрки менен вице-премьер-министр кызматынан кеткен Замирбек Аскаров көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ