Бүгүн, 5-февраль күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-депутат Аида Салянованын иниси Уландын өлүмү боюнча сот отуруму болуп жатат.
Отурумдун жүрүшүндө сот айыпталуучу Асанэмир Абыкуловду суракка алды. Асанэмир Абыкулов дагы бир айыпталуучу Эрмек Осмонкуловду көп жылдан бери тааныш, экөө дос экенин билдирди.
Ал 2017-жылы 6-ноябрда “Фольксваген Шаран” үлгүсүндөгү автоунааны таанышынан ижарага алганын айтты. Ал күнү Эрмек Осмонкулов менен жолукканын, анын жанында Заур Насруллаев бар болгонун билдирди.
“Эрмек досун Көк-Жарга жеркирип коюуга суранды. Досунун маселелери болуп атканын айтты. Жерине келгенде Эрмек унаадан чыкты. Мен Заур менен унаанын ичинде калгам. Эрмек 10-15 мүнөттөн кийин келди. Ок атылганын мен уккан эмесмин” – деп көрсөтмө берди.
Айыпталуучу Асанэмир Абыкулов Улан Саляновдун өлүмү тууралуу ММКлардан билгенин кошумчалаган.
Мындан сырткары ал ижарга алган унаа Токток шаарынын мурдаг мэри Жыргал Шамыралиевге таандык экенин айтып, ал кылмыш тууралуу кабардар болонун билдирди.
“Менинче аны суракка алышкан. Бирок унааны табышкан эмес” – деп билдирди.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2017-жылы 6-ноябрь түнү Көк-Жар конушунан беткапчан үч кылмышкер үйгө кирип келип, 1975-жылы туулган Улан Саляновду атып кетишкен.
Ошол эле жылы ноябрда 1986-жылы туулган Эрмек Осмонкулов бул кылмышка шектүү делип кармалган. Ал мурда дагы бейбаштык, тоноочулук, уурулук боюнча соттолгон экен.
2019-жылдын май айынын аягында Москвадан Токмоктун тургуну, 1983-жылы туулган Асанэмир Абыкулов кармалган, ал мурда эле оор кылмыш үчүн мамлекеттер аралык издөөдө болгон.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ