Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков ирригациялык жана калкты таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Сайпидин Момунов катышты.

Ирригациялык байланыш системасын кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыктуу пландары жана калкты таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун азыркы абалы талкууланды.

Мамлекет башчысы аталган долбоорлорду ишке ашыруу өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүнүн негизи болуп, ошого байланыштуу алар 2023-жылга чейинки мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын өзгөчө баса белгиледи.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев 2017-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айтып берди. Биринчи жана экинчи этаптар боюнча 2024-жылга чейин 31 ирригациялык объект артыкчылык катары тандалып алынган, алар жалпысынан 26 миң гектардан ашуун жаңы сугат жерлерин ишке киргизип, 46 миң гектар жердин суу менен камсыз болуусун жакшыртаарын эске салды.

Бүгүнкү күндө 22 ирригациялык объекттер боюнча долбоордук-сметалык документтер даяр экендигин баса белгилеп, 5 объекттин курулушу жыйынтыкталып, 14 объектте курулуш иштери улантылып жатканын кошумчалады.

2019-жылы 730 гектар жаңы сугат жерлери жана 1395 гектар жердин суу менен камсыз болуусу жакшыртылган.

2020-жылы 1700 гектар жаңы сугат жерлерин киргизүү жана суу менен камсыз кылууну 2500 гектарга чейин жогорулатуу пландалган.

Ал жакынкы жылдарга карата ири ирригациялык долбоорлордун ичинен 2023-жылда курулуп бүтөт деп пландалган Баткен областынын Лейлек районундагы «Максат» дюкерин атады. Бул чек ара аймактарында 1800 гектар жаңы сугат жерлерин киргизүүгө мүмкүндүк берет, насостук станциялардан өз алдынча сугарууга 3000 гектардай жер которулат.

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин аткаруучу директору Сайпидин Момунов баштапкы этапта таза сууга муктаж болгон 653 айыл аныкталганын маалымдады. Текшерүүнүн натыйжасында 169 айылдын суу менен камсыздоо системасынын эскилиги жеткени аныкталган.

Акыркы үч жылдын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо системалары өлкөнүн 107 айылында курулган. 2024-жылга чейин 715 айылда курулуш иштерин бүтүрүп, инфраструктураны жаңылоо зарыл.

Көкүмбек Таштаналиев жана Сайпидин Момунов бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн эл аралык өнөктөштөрдөн каражат тартуу жаатында жигердүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Улуттук суу стратегиясын иштеп чыгуу зарылдыгына токтолуп, 2023-жылдын аягына чейин пландалган суу менен камсыздоо объекттерин толук бүтүрүү үчүн кошумча ресурстарды тартуу боюнча донордук уюмдар менен кызматташууну күчөтүү керектигин баса белгиледи.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: