Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Биздин аэропорттор менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын аэропорттору менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Өкмөт башчы учурда аэропорттордун мындан ары өнүгүүсүнүн моделинин үстүндө иштеп жаткан Эл аралык финансы корпорациясы 2019-жылы тандалганын белгиледи. Бул иштер кайтарымсыз шартта эксперттер тарабынан жүзөгө ашырылып жатат.

«Аэропорттордун өнүгүү моделинде инвестициянын көлөмү, салык сындуу параметрлер көрсөтүлөт. Бул модель Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет, андан кийин, тышка башкарууга бериле турган компания тандалат. Муну менен аэропорттор менчиктештирилбейт. Бул эл аралык тажрыйба», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: