Ишемби, 8-февраль күнү Айдар Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Коштошуу зыйнатын Москвадан өткөрүүнү тунгуч президенттин үй-бүлөсү чечкен. Бул тууралуу Акаевдердин жакындары журналисттерге билдиришкен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Айдар Акаевдин күтүлбөгөн жерден жүрөгү токтоп калган. Дарыгерлер аны сактап калууга үлгүрбөй калышкан.
Айдар Акаев 1976-жылы 20-февралда туулган. Акаевдин тун уулу 1998-жылы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Алия Назарбаевага үйлөнгөн. Бирок, 2001-жылы эки ажырым жолго түшүшкөн.
2002-жылы “НБТ” телеканалынын алып баруучусу Сайкал Чокубаевага үйлөнгөн.
2005-жылкы револициядан кийин Акаевдин үй-бүлөсү Москвага көчүп кеткенден кийин Айдар Акаев бизнес менен алектенген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ