Москванын четинде башына 14 жолу ок атылган адам аман калды. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Алардын айтымында, аны травматикалык тапанча менен баласы аткан. Башынан оор жаракат алган киши ооруканага жаткырылып, башына операция жасалып аман калган.
Жабыр тарткан пенсионердин уулу кармалып, ал күнөөсүн мойнуна алган. Өздүк текшерүү маалында травматикалык тапанча табылган. Аталган факт катталып, кылмыш иши козголгон. Жакынкы учурда кармалган шектүүнүн баш коргоо чарасы каралат.
Маалыматтар боюнча, ок атылган убакта батирдин ичинде пенсионердин аялы бар болгон. Ал күйөөсүнүн биринчи никесиндеги баласы келгенин айтып, колундагы тапанчаны көргөндө жашынып калганын билдирген. Ок атуу токтоп, баласы кеткенден кийин аялы чыгып, күйөөсүнө тез жардамды чакырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ