Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында бала бакчаларды ачуу – бул мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин чечүү мүмкүндүгү”

Бөлүшүү:

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында бала бакчаларды ачуу – бул мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин чечүү мүмкүндүгү. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна иш сапары учурунда айтты.

Ал Нарын облусунун Алыш айылындагы жергиликтүү ишкер салган жеке бала бакча менен таанышты. Бүгүнкү күндө бала бакчада 12 тарбиячы иштеп, 50 бала тарбияланат. Келечекте бул бала бакчаны муниципалдык менчикке берүү пландалууда.

«Кайрымдуу жарандар мамлекеттен жардам күтпөстөн, өз күчү менен мындай социалдык мекемелерди ачып жатканы кубандырат. Учурда жалпы өлкө боюнча 400 миң бала балдар бакчасына бара албайт. Ошондуктан мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында бала бакчаларды ачуу – бул мектепке чейин билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги боюнча маселенин акырындык менен чечилишинин мүмкүнчүлүгү», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр бала бакчага 100 миң сомдук сертификат тапшырды. Ал билим берүү мекемесинин муктаждыктарына жумшалат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: