Menu

10 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалган чиновниктер 8-апрелге чейин камакта калышты

Бөлүшүү:

Биринчи май райондук соту 10 000 доллар пара берип жаткан учурунда кармалган Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаевди жана автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратовду  УКМКнын ТИЗОсунда 8 апрелге чейин камакта калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февраль күнү райондук соттон журналисттерге билдиришти.

Белгилей кетсек, 7-февраль күнү УКМКнын кызматкерлери жогоруда аты аталган чиновниктерди пара берип жаткан жеринен кармашкан.

Такталгандай, министрдин орун басары КР УКМК ККК кызматкерлерине мурда сотко чейинки өндүрүшкө фигурант катары катталып, КР транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотуу максатында пара берген. Ошол эле күнү, автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы «Б.А» пара берүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталып, кармалган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: