Menu

Кыргызстандагы он билим уясы “Санарип мектеп” долбооруна кошулат

Бөлүшүү:

Билим берүү жана илим министрлиги “Альфа Телеком” ЖАК (Мегаком) менен биргеликте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын коопсуздугун сактоо максатында билим берүү процесстерине көзөмөл жүргүзүүнүн электрондук тутумун түзүүнү шарттаган долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен басма сөз кызматы бүгүн, 10-февраль күнү билдирди.

Бүгүн министрликте өткөн жолугушууда Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев жана “Альфа Телеком” ЖАКтын башкы директору Акылбек Жамангулов долбоорду ишке ашыруу меморандумуна кол коюшту.

Долбоордун алкагында өлкө боюнча он мектеп тандалып алынып, аларда төмөнкүдөй электрондоштуруу процесси ишке ашырылат:

-окуучулар менен мугалимдердин мектеп имаратына кирип-чыгышын каттап, атайын чип, электрондук билерик жана жүздү таануу системасы – балдарынын мектепте болгон убактысы  тууралуу маалымат SMS билдирүү түрүндө ата- энелерге маалымдалат;

-электрондук журнал, электрондук күндөлүк – реалдуу убакыт шартында окуучулардын бааларын,  калтырган сабактарынын санын көрүп турууга болот;

-электрондук ашкана – мектеп ашканаларында тамактанууда жана коомдук унааларда жүрүүдө электрондук карточкалар колдонулат

-электрондук китепкана – китеп фондунун бирдиктүү базасы, окуу куралдарынын кимге берилгендиги тууралуу маалымат базасы:

-аралыктан окутуу – видеоконференция жана вебинар түрүндө аймактардагы окуучуларга борбордогу мектептердин мугалимдери сабак өтө алышат.

Пилоттук долбоор он мектепте тесттик режимде сыноодон өткөрүлүп, андан соң жалпы республика аймагындагы билим берүү мекемелерине жайылтылмакчы. Азыр министрликтик тарабынан мектептердин тизмеси бекитилип жатат.

“Санарип мектеп” – “Акылдуу мектеп” долбоорун ишке ашыруудагы төрт компоненттин бир бөлүгү.

“Акылдуу мектеп-келечек мектеби” долбоору “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” концепциясындагы иш чаралардын бири болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: