“Абдыраз” ЖЧКсы үч жыл ичинде Кыргызстанга 21 миллион долларлык товар экспорттогон” – деп билдирди Бажы кызматынын жетекчиси Алтынбек Торутаев бүгүн, 11-февраль күнү Айэркенн Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеген депутатттык комиссиянын отурумунда.
Алардын айтымында, “Абдыраз” ЖЧКсы 2015-жылы 2 370 000, 2016-жылы 370 миллон доллар, 2017-жылы 18 379 000 долларга товар алган. Бажы кызматынын жетекчиси аталган маалыматтар “Абдыраз” ЖЧКсына таандык экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, өткөн аптадагы отурумда депутаттар Салык кызматынын жетекчиси Кабыл Абдалиевге “Абдыраз” ЖЧКсы боюнча собол салышкан. Анда аталган компания 2011-жылы негизделип, 2015-жылы кайра каттоодон өтүп, негизделгенден бери 38 700 сом салык төлөгөнү айтылган. Ал 2012-жылы бир жолку төлөм болгон.
Салык кызматынын жетекчиси бул боюнча кылмыш иши козголуп, документтер изилденип жатканын айткан.
Эске сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багында отурган жеринен атып кетишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ