Menu

“Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” – Кайрылуу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Талас облусундагы ыйгарым укуктуу
өкүлү М.М.Мураталиевге

“Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” дегенди карманып, зарыл болгон көйгөйлөргө кайдыгер эмес караган, акыйкат издеп, өз калыс сөзүбүздү айтууну чечтик, бул кадр маселеге байланыштуу.

Бул маселе боюнча көз карашын билдирген эркин талдоочулар «өлкөдө ырааттуу кадр саясаты жок» дешет. Кыргызстанда азыр жүргүзүлүп жаткан кадр саясатына көз карашыбыз терс. Анткени туура эмес кадр саясаты болуп жатат.

Дегеле бизде кадр тандоонун принциби туура эмес. Көйгөйдүн баары туура эмес тандалган кадрларда болуп жатат. Бул түпкүлүгүндө жакшылыкка алып барбайт. Иштин көзүн билген, тажрыйбалуу адистер, анан жаңы замандын күрөө тамырында жүргөн адистер ишке тартылбай жатат. Муну эл көрүп турат, аны жашыра да албайсың. Ошондуктан, Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо, тандоо, карьералык өсүш маселеси өтө курч турат.

Негизи мамлекеттик кызматкер деген ким? Мамлекеттик кызматкер – бул мамлекеттин жана улуттун жүзү, мамлекеттин ийгиликтүү болуусунун кепилдиги. Ошондуктан мамлекеттик кызматкер бир катар сапаттарга ээ болуусу шарт. “Кесиптик урмат” жана “кесиптик кадыр-барк” деген түшүнүк маанилүү болуп калды.

Тилекке каршы, коомчулуктун көңүл чордонунда болгон Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерине байланышкан терс окуялар көбөйө баштады. Мына, биздин да Талас облусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркыналиева А.Ш. 2019-жылдын август айынан бери 2020-жылдын февраль айына чейин эмгекке жарамсыздык баракчасын ачып, эмгек эргүүлөрдү алып жумушка чыкпай келген. Манас районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары үч айдан бери дайындалбайт.

Бийликке өзүнө тиешелүү кишини түртмөй адатыбыз дагы эле кала элек. Анан дагы айрым Жогорку Кеңештин депуттары, мисалы Молдобекова Гулкан азыр өзүнүн кадрын Өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматына түртүп жатканы жашыруун эмес. Эми өзүнүн жолдошу Кыргызстандагы Профсоюздар Федерациясынын төрагасы Асанакунов Мирбек жумуштан кетип, ага кылмыш иши козголду. Убагында Молдобекова Г. өзүнүн агасы Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысына дайындады эле, агасы финансылык бузууларды жасап, ага дагы кылмыш иши ачылган. Ошондуктан Талас облусундагы мамлекеттик кызматтарга өзүнүн тажрыйбасыз кадрларын түртпөй, өзүнүн кадыр-баркын кетирбей эле жүрүүнү айтмакчыбыз.

Биздин оюбуз боюнча бул кызматка билимдүү, өз ишин билген, натыйжа көрсөтө алган адам келүү керек. Ал мыкты тажрыйбалуу мамлекеттик кызматкер, көп жылдар боюу социалдык тармакта ийгилик жараткан, башкача айтканда, мамлекет үчүн күйгөн, билимдүү, ар тараптан өнүккөн болушу керек. “Кадрлар баарын чечет” деген сөз бекеринен айтылган эмес.  Эң оболу социалдык тармакта маселелерди түшүнгөн, эл менен сүйлөшө билген, өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган, милдеттерин так аткарган, коррупцияга аралашпаган, абийирдүү, элди ойлогон мамлекеттик кызматкер болуусу зарыл.

Ошондуктан Сиздерге кайрылып, көптөн бери чечилбей келген кадр маселесине туура тандоо жасап, коомчулуктун оюн, мүдөөсүн эске алып, социалдык тармагын алдыга жылдыра алган, түшүнгөн адамды дайындап, бул маселени оң чечип берет деген ишенимдебиз.

Талас облусунун коомчулуктун атынан: мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, аксакалдар кеңеши, аялдар кеңештер…

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: