Бүгүн, 12-февралда Жогоку Кеңештин кезектеги жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев Бишкек – Балыкчы темир жолундагы 8 вагонду рельстен чыгып кеткенине байланыштуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчисин иштен алууну айтты.
“Былтыр Бишкек – Балыкчы темир жолунда 8 вагон рельстен чыгып кеткен. Бул боюнча бирөө жоопкерчиликке тартылдыбы?” – деп суроо салды депутат Бакыт Төрөбаев.
“Ал вагондордо жүгүнчүлөр болсо эмне болот эле? Эгерде мындай окуя Союз убагында болгондо, темир жолдун жетекчисинин жоопкерчилигин эртеси күнү эле карамак. Силер тараптан эч кандай жоопкерчилик жок” – деп айтты депутат.
Транспорт жана жол министрлигинин стат-катчысы Эрмек Мамыркалиев аталган кырсык боюнча комиссия түзүлүп иш алып бара жатканын, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.
1Бишкек – Балыкчы темир жол каттамы менен жай мезгилинде туристтер келет. Темир жолунда техникалык кароо жасалган жок, көзөмөл болгон жок. “Кыргыз темир жолунун” жетекчисин иштен алыш керек” – деп, аталган кырсык өзгөчө кырдаал болгонун баса белгиледи.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ