Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков бизнести коргоо менен бирге ишкердүүлүктү да өз миссиясын ак ниет аткарууга чакырды

Бөлүшүү:

«Биз бизнести колдон келишинче колдойбуз, коргойбуз. Арыз-муңду укканга, жардам бергенге, маселе чечкенге дайым ачыкпыз. Бирок, силер да өз жоопкерчилигиңерди сезип, салыкты жашырбай, убагында, толук көлөмдө төлөп, көмүскө эмес, ачык иштегиле», — деп чакырып өттү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында.

Мамлекет башчысы өлкөнүн экономикасынын кыймылдаткыч күчү катары орто жана чакан ишкерликти атады.

«Бүгүнкү комитеттин жыйынынын максаты — бизнестин өкүлдөрү менен мамлекеттик текшерүүчү жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чогуу отуруп, ачык сүйлөшүп, өнүгүүгө тоскоол болуп жаткан жагдайларды жоюу максатында алдыга жылуу», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал текшерүүчү жана укук коргоо органдары катуу көзөмөлгө алынып, мурдагыдай ашыкча текшерүүлөр жокко чыгарылганын айтып, бул органдардын катарында жалпы системага көлөкө түшүргөн адамдар да жок эмес экенин кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындан ары да күрөш күчөй турганын өзгөчө белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: