Парламент жыйынында Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 26-апрелиндеги “КРнын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна тийиштүү өзгөртүү жасалып, Шайырбек Абдырахаман уулу КР Президентинин квотасы боюнча КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына киргизилди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Шайырбек Абдырахаман уулу 1976-жылы Жалал-Абад облусунда туулган. Жогорку билимдүү: 2001-жылы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүгөн. Ошондон бери журналистика жаатында эмгектенип келет. Кезинде ЭлТР Мамлекеттик телерадиокорпорациясын жетектеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ