Жалал-Абад облусунда дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Нурмаматова Саодатхон Фарходжоновна изделет. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 13-февраль күнү билдирди.
Алардын айтымында, Сузак айылынын тургуну Саодатхон үстүбүздөгү жылдын 4-февралында болжол менен 11:00 чамаларда белгисиз себептерден улам үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес.
Белгилери: Бою 170-175 см, ак жүздүү, чачы кара, сол көзүнүн астында калы бар.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү узун куртка, кара түстөгү кышкы бут кийим, күрөң түстөгү жашыл сызыгы бар сумка.
“Эгерде жогорудагы жоголгон кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, (03748) 5-02-09, 0552 56 92 56, 0770 25 11 26 номерлерине кабарлап коюуңуздарды суранабыз” – деп айтылат билдирүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ