Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Бизнес менен бийликтин ортосундагы ачык жана ак ниеттүүлүк менен сүйлөшүү – ийгиликтин кепилдиги”

Бөлүшүү:

Бизнес менен бийликтин ортосундагы ачык жана ак ниеттүүлүк менен сүйлөшүү – экономикалык жетишкендиктин кепилдиги. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

 

Өкмөт башчы бизнес тарабынан көтөрүлгөн бир катар маанилүү демилгелердин жүзөгө ашырылышы боюнча айтып, айрым сандарга дагы токтолду.

«Былтыр өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүү  темпинин болжолдуу көрсөткүчү 0,5%га көбүрөөк аткарылды. ИДПнын көлөмү 590 млрд. сомго жетти. 6,5 миң жумуш оруну түзүлдү. Импортту алмаштыруу, инвестиция тартуу боюнча жылыштар бар, аймактардагы бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн  республикалык бюджеттен 2,0 млрд. сом бөлүндү. 51 долбоор каржыланды. Кайра иштетүүчү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы боюнча 80% өлчөмүндө жеңилдиктер берилди, аймактардагы кайрадан ачылган ишканалар үчүн салыктын 4 түрү боюнча 5 жылга бошотуу механизми киргизилди, 2019-жылы мамлекеттик сатып алууларда ата мекендик компаниялардын үлүшүн 49%га чейин көбөйтүүнү шарттаган мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди» – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Муну менен катар Өкмөт башчы ишкерлер менен инвесторлорго бизнес жүргүзүүдө ишеним көрсөтүү маселесине чекит кою керек деген оюн билдирди.

«Өткөн жылдын жыйынтыгы өлкөдөгү экономикалык өзгөрүүлөрдүн пайдубалын гана түзөт. Андан кийин жеке менчиктин жана салымдын кол тийбестигине кепилдик берген атайын чараларды кабыл алышыбыз керек. Биз ишкерликти ачууда жана аны жүргүзүүдөгү бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюшубуз керек. Бул жерде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн айрым жер тилкелерин трансформациялоо тууралуу сөз болууда. Маанилүү маселе – аймактардагы бизнести каржылоо булагын, анын ичинде аймактарды өнүктүрүү фондунун каражаттарын пайдаланууну кеңейтүү.  Ишкерлер мыйзам чегинде иштөө коопсуз гана эмес, пайдалуу экенин да көрүшү керек», – деди Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев фискалдаштыруу системасы өлкөнүн Санарип трансформация концепциясын ишке ашыруудагы маанилүү этап болорун белгиледи.

«2020-жылы биз көтөрүп жаткан бардык демилгелердин негизги максаты инвестиция тартуу, жаңы туруктуу жумуш орундарын түзүү болуп саналат. Ири өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы ири долбоорлорду жүзөгө ашырууну баштоо  боюнча жумуштарды мен өзүм карап, жеке көзөмөлүмө алам. Бул болгону иш системасынын алгачкы этабы. Биз бардык тоскоолдуктардан  биргеликте  өтүүгө тийишпиз жана коррупционерлерге бөгөт коюу боюнча бекем чечимин билдирген Кыргыз Республикасынын Президентинин саясий эрки ийгиликтин кепилдиги болот. Өкмөт бизнес-коомчулуктан жооп кайтарууну, аны менен бирге ата мекендик экономиканы өнүктүрүү боюнча демилгелерди күтөт», -деди Премьер-министр.

Иш-чаранын соңунда кеңештин чечимине ылайык сапат, коопсуздукту камсыз кылуу, сапат менеджментинде жогорку натыйжалуу ыкмаларды киргизүү чөйрөлөрүндө олуттуу натыйжаларга жетишкендиги үчүн, ошондой эле продукциянын сапаты чөйрөсүндөгү сынактарга активдүү катышканы жана олуттуу натыйжаларга жетишкендиги үчүн Өкмөт башчы экономиканын түрдүү тармактарында иш алып барган бир катар ишкерлерге сыйлыктарды берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: