Кечээ, 14-февраль күнү Чүй районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Такталган маалымат боюнча, Чүй айылынын Бугрянка көчөсүндө Лексус унаасы жолдон чыгып оодарылып арыкка түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.
Жерине Токмок шаардык №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн куткаруучу топ тартылып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ