Бүгүн, 15-февралда саат 09:31де Ысык-Көлдүн аймагында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эңилчек, Кургак, Таш-Короо айылдарында 4,5 балл, Койлуу, Май-Саз айылдарында 3,5 балл, Каракол шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ