Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, эртең, 18-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -2…-7 күндүз -2… +3
Таласта түнкүсүн: -4…-9, күндүз: -4…+1
Баткенде түнкүсүн: -4… +1, күндүз: 0…+5
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: -4…+1, күндүз 0…+5
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -3…-8, күндүз: -2…+3
Нарында түнкүсүн: -9…-14, күндүз: -1…-6
Бишкекте түнкүсүн -2…-4, күндүз: 0…+2
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ