Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору айыл чарбасын өнүктүрүүнүн маанилүү инструменти болуп саналат”

Бөлүшүү:

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоору айыл чарбасын жана жалпы эле реалдуу экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү инструменти болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорун жүзөгө ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол коюп жатып билдирди.

«Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоору боюнча жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгүн жылда 10 миңден ашык жараныбыз пайдаланат. Ал айыл чарбасынын негизин түзгөн асыл тукум жана үрөн чарбаларын жакшыртууга багытталган. Калк мындай жардамга муктаж», – деп белгиледи Премьер-министр.

«Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорун жүзөгө ашырууга 1 млрд. 250 млн. сом каралды. Бул чакан жана ири айыл чарба өндүрүүчүлөр, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайын каржылоого жумшалат.

Зайымчылар үчүн акыркы пайыздык чен төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

– чакан айыл чаба өндүрүүчүлөр үчүн, анын ичинде жеке жактарга – «ФСХ-Фермер» категориясы боюнча 10 пайыз;

– ири айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн  – 8 пайыз;

– тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы ишканалары үчүн – жылына 6 пайыз.

«Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоору кошумча нарк чынжырчасын жана айыл чарба класстерин киргизүү ыкмасын колдонгондорду жеңилдетилген шартта каржылоого багытталган. Долбоордун жалпы суммасы быйыл 6 млрд. сомдон ашат. Бул учурдагы чарбаларды гана иргелештирбестен, экспорттук потенциалды арттырып, азык-түлүк коопсуздугун сактайт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-жылдан бери «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору ишке ашырылып келе жатат.

Премьер-министр буга чейин насыянын ушул линиясы боюнча берилгендерге анализ жүргүзүүнү жана өлкөнүн айыл чарбасынын өнүгүшү үчун кандай натыйжа бергенин аныктоо тапшырмасын берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: