“Ат-Башы кыргыз-кытай соода аймагы” компаниясы индустриалдык-соода-логистикалык борбор куруу келишими жокко чыгарылды. Бул тууралуу Нарын эркин экономикалык аймагынын башкы директору Артур Байтереков журналисттерге билдирген.
Анын айтымында, Нарындын Ат-Башы районунда кытай компаниясына аянты 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылды.
“Азыркы учурда инвестор тарабынан төлөнгөн 43 миллион сомдон ашык акчаны кайтаруу үчүн өкмөткө кат даярдап жатабыз” – деп билдирген Артур Байтереков.
Белгилей кетсек, кечээ, 17-февралда Ат-Башы районунда жергиликтүү эл чогулуп, логистикалык борбордун курулушуна каршы чыгышкан. Алар кабыл алган резолюциянын талаптарын айтып, анын аткарылышын талап кылышкан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ