Menu

Ошто 17 жаштагы кызды айылдаштары зордуктаган. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Бөлүшүү:

Ош облусунун Алай районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 13-февралда 17 жаштагы кыздын энеси милицияга кайрылып, кызы зордукталганын билдирген. Ошол эле күнү факт катталып, тергөө иштери башталган.

Териштирүү маалында аныкталгандай, 9-февралда 17 жаштагы кызды анын айылдашы 36 жаштагы жигит чакырган. Аны унаага салып, зордуктаган. Андан кийин 12-февралда 24 жаштагы айылдашы окуучу кызга чалган. Кыз көчөгө чыкканда, айылдашы унаага салып, ээн талаага алып барып зордуктаган. Кыз психикалык жактан жабыркайт.

Кылмышка шектүү эки жаран тең кармалды. Алар 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген. КРнын Жазык кодексинин 161-берененин (зордуктоо) Кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Милициядан журналисттерге билдиргендей, кармалгандар күнөөсүн мойнуна алышты, бирок толугу менен эмес. Алар жыныстык катнаш кыздын макулдугу менен болгонун айтышууда.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: