Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архтектура жана курулуш боюнча комитети «2019-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган КР Өкмөтү менен Корея Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов эки тараптуу келишим Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы аба катнашынын алкагын кеңейтүүгө багытталганын, жүргүзчүлөрдүн агымы жетишсиз болгондуктан, корей тарап азырынча аба каттамын ачууга даяр эмес экенин, бирок келишим ратификациялып калса, келечекте эки тарапка тең пайдалуу болорун белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ