Menu

Тармактык комитет тажик генералынын билдирүүсүн жабык эшик артында талкуулады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-февралда ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Абдулло Навжувоновдун билдирүүсү боюнча маселе жабык эшик артында каралды. 

Бул маселени кароо сунушун Каныбек Иманалиев киргизген, аны депутаттар колдоду. Исхак Пирматов сһмаселени жабык эшик артында кароону сунуштаган.

Эсиңиздерге сала кетсек, 12-февралда Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматына жаңы дайындалган генерал-майор Абдулло Навжувонов биринчи пресс-конференциясында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактар Согдий облусунун укук коргоочулары үчүн негизги көйгөй экенин айткан. Абдулло Навжувонов чек ара жаңжалдагы боюнча 16 кылмыш иши козголуп, Кыргызстандын 27 жаранына издөө жарыяланганын айткан.

“Эгерде тарыхты карап чыксак, Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес. Менин ата-бабаларым кыргызарды алып, аларга жер берген. Бүгүнкү күндө бул биз үчүн көйгөй болуп калды” – деп билдирген генерал.

Тажикстандын билдирүүсүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү четке кагып, бул аракетти элди козутуу үчүн жасалган чагымчылдык катары баалаган.

Ал эми КРнын ТИМи Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода чакырып, генералдын чек ара тууралуу билдирүүсүнө тынчсыздануусун билдирген.

Кыргыз тарап алдыда мындай окуялар кайталанбашы үчүн Душанбеден расмий түрдө жооп күтүп жатканы айтылган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: