Японияда токтоп турган “Diamond Princess” круиздик лайнеринде кыргызстандык жаран коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Дарыгерлер круиздик лайнерден 67 адам коронавирусту жуктуруп алганын аныкташкан. Учурда лайнер Япониянын Йокогама шаарында карантинде турат.
Япониянын саламаттыкты сактоо министрлиги аталган маалыматты 15-февралда тастыктап, вирусту жугузган адамдардын жарандыктарын айткан.
Алардын маалыматында, Австралиянын 5, Канаданын 3, Кытайдан 3, Германиянын 2, Гонконгдун 1, Кыргызстандын 1, Индиянын 1, Япониянын 27, Филиппиндин 17, Тайвандын 1 жана АКШнын 5 жараны илдетке чалдыккан.
Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккан адамдардын саны 450дөн ашкан. Ал эми лайнерде жалпысынан 3 400 адам бар.
ТИМдин басма сөз кызматы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктын абалы жакшы экенин айткан.
Алардын айтымында, лайнердеги жаран Кыргызстандын Япониядагы элчилиги менен үзгүлтүксүз байланышта болуп турат.
Япониянын тиешелүү органдарынын маалыматына ылайык, лайнерде кыргызстандык менен чогуу жашаган кошунасынан коронавирус табылган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ