Menu

Марат Тагаев, журналист: “Кепжебес тууралуу икая”

Бөлүшүү:

Бишкек-Торугарт жолу… Зуулдап кайчы-терчи унаалар өтөт. Миң жылдан ашуун адам баласына кызмат кылып келаткан учу кыйыры көрүнбөгөн Улуу Жибек Жолу үнсүз мелтирейт… Шуу-шуу деп кытайдан товар ташыган 2 камаз өтүп кетти.

Аңгыча жолдун четиндеги талаа менен өйдө чыгып, ылдый түшүп акырыын ауди 100 келатат. Арыкка келип такалып, көпүрө бар асфальт жолго чыгып, кайра талаага түшүп кетти.
– “Эй Жолоочу, асфальт жол турса талаа менен айдап акылдан айныган немесиңби?”

-Менин атым Жолоочу эмес, Кепжебес.

-Ой, Кепжебес эмес машаяк болсоң деле жол менен айдабайсыңбы?”

-Ээ байке, бул жол харам. Каапыр кытай салган. Кытайдын акчасына салынган. Мында жүрүү күнөө. Бишкекте турчу элем, шаардын жолдорунун бары кытайдын бекер акчасына оңдолуп жаткандан айылыма көчүп баратам…

Шуу-шуу деп Кытайдан товар ташыган унаалар өтөт. Миң жылдап адамзатка кызмат кылып келаткан Улуу Жибек Жолу үнсүз мелтирейт…

Бирок, Кепжебес жакшы адам, Кепжебестей принципиалдуу жок…

Марат Тагаев, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: