Эртең, 20-февралдан тарта кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” – “Кордай” өткөрмө пункту жабылат. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, бекеттердин жабылышы оңдоо иштерине байланыштуу.
Чүй ОИИБси кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүү үчүн айдоочуларга алдын ала жолдун маршрутун түзүп алууну сунуштайт.
Кыргыз-казак чек арасында “Ак-Тилек – унаа жолу”, “Кең-Булуң – унаа жолу”, “Токмок – унаа жолу” “Кайыңды – темир жолу” жана “Чалдыбар – унаа жол” өткөрмө пунктары иштөөдө. Баардык көзөмөл-өткөрмө бекеттер күнү-түнү иш алып барат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ