Menu

Замир Жоошев, адвокат: “Батукаевдин ишинде бир дагы күбө коррупция фактысы болгонун айткан жок”

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Азиз Батукаевдин ишинде бир дагы күбө коррупция фактысын көргөндүгүн же күбөсү болгондугун айтпаганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-февралда Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан.

“Кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишинде бир дагы күбө коррупция фактысы т.а. акча каражаттарынын алынышы же берелиши тууралуу, же башка баалуу материалдардын берилиши тууралуу көрсөтмө берген жок. Аталган иштин материалдары менен “УКМК Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмашууну каалаган” деген версия тастыкталып жатат” – деп жазган жактоочу.

Эскерте кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: