Menu

Ошто 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендер убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бөлүшүү:

Алай райондук сотунун чечими менен психикалык жактан жабыркаган кызды зордуктоого шектелип кармалгандар убактылуу кармоочу жайга эки айга киргизилди. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, кармалган эки жаран тең толугу менен күнөөлөрүн мойнуна алган. Алдын ала маалыматтар боюнча алар кызга телефон чалып чакырып, унаанын ичинен кыздын каршылыгына карабай, аны зордукташкан.

Эсиңиздерге сала кетсек, 13-февралда кыздын энеси милицияга кайрылып, кызы зордукталганын айткан. Кылмышка шектүү катары анын эки айылдашы кармалган. КРнын Жазык кодексинин 161-берененин (зордуктоо) Кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Булак: «KyrgyzToday»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: