Сокулук районунда уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-февралда билдирди.
Алардын айтымында, 17-февраль күнү Сокулук РИИБне жергиликтүү 82 жаштагы тургун арыз менен кайрылып, ошол күнү үйүнө терезеси аркылуу белгисиз бирөөлөр киришип телевизорун жана ноутбугун уурдап кетишкенин айткан.
Атлаган факт КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүлөрдүн автоунаасы такталып, көп өтпөй 24 жаштагы Д.Н., 20 жаштагы М.Д. жана 17 жаштагы А.Н. аттуу балдар шектүү катары кармалышкан.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө уурдалган буюмдарды Бишкектеги соода түйүндөрүнүн бирине өткөрүп жиберген жеринен алынган.
Учурда кармалган шектүүлөрдүн экөөсү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, үчүнчүсүнө эч жака кетпөө чарасы колдонулган.
Кармалган жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендигин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ