Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Биз тарыхты кайра жазуу аракеттерине каршы чечкиндүү күрөшөбүз”

Бөлүшүү:

«Биз тарыхты кайра жазуу аракеттерине каршы чечкиндүү күрөшөбүз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда КР Жогорку Кеңешинин жыйынында. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Мамлекет башчысы 2020-жыл — союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Россия менен эриш-аркак мамилелердин жылы деп жарыялангандыгын эске салды. Башка бир катар иш-чаралар менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы белгилене тургандыгын билдирди.

«Жеңиштин 75 жылдыгы Кыргызстанда жалпы элибиз тарабынан эң жогорку деңгээлде майрамдалат. Биз ата-бабаларыбыздын баатырдыгын жана каармандыгын эстен чыгарбайбыз. Биздин келечегибиз үчүн жанын кыйып, өз өмүрүн арнаган аталарыбыздын элесине терең урмат менен таазим этип, дайыма эскерүүгө милдеттүүбүз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: