Menu

Мамлекеттик органдардагы коомдук кеӊештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча Комиссияга сынак жарыяланды

Бөлүшүү:

КРнын мамлекеттик органдарындагы коомдук кеӊештердин  мүчөлөрүн  тандоо боюнча мурдагы курамынын иш мөөнөтү аягына чыккандыгына байланыштуу Комиссиянын Катчылыгы жаңы мүчөлөрдү шайлоого сынак жарыялайт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Комиссиянын мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын ишке жөндөмдүү, 25 жаштан өйдө, жогорку билимдүү, соттолбогон, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштебеген, жарандык демилгелердин жана  коомдук иштерде  тажырыйбага ээ болгон  жарандар талапкер боло алат.

Комиссиянын мүчөсү коомдук кеӊештин мүчөсү болбошу керек. Коомдук кеӊештин мүчөсү жарандык сектордон Комиссияга мүчөлүккө шайлануу үчүн сынакка катыша алат. Комиссияга мүчө болуп шайланып калган учурда анын  коомдук кеӊештеги  мүчөлүгү  токтотулат.

Жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлүгүнө шайлануу боюнча сынакка катышуу үчүн төмөнкүдөй документтерди (колго, почта же электрондук почта аркылуу)жеткирүү  керек:

1) талапкерди Комиссияга шайлоо үчүн сунуштаган бирикменин каты  (каттоодон өткөн бирикменин жетекчисинин колу менен  же катталбаган бирикмени түзгөн коммерциялык эмес уюмдардын бардык жетекчилеринин колдору, күбөлөндүргөн мөөрлөрү менен);

2) сынакка катышуу үчүн талапкердин арызы;

3) автобиографиялык маалыматтарын көрсөтүү менен талапкердин билими, кесиптик ишиндеги тажырыйбасы жана коомдук иштерге катышкандыгы жөнүндөгү маалыматтар (резюме сүрөтү менен).

Сынакка катышу үчүн документтер төмөнкү даректе кабыл алынат:

 1) 720003, Бишкек ш., Абдумомунов көчөсү, 207 («Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмү» деген  белгини коюу менен);

2)  же [email protected]  электрондук дарегине  «коомдук кеӊешке сынагына» деген белги менен конкреттүү мамлекеттик органды көрсөтүп  (5 МB көлөмүнөн ашпаган,  PDF форматында, бир файлда   жөнөтүүнү сунуштайбыз).

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын Коомдук кеӊештери жөнүндөгү» Мыйзамында бекитилген жогорудагы  талаптарга жооп бербеген  документтерди  жиберген талапкерлер бул сынакка катышууга киргизилбейт.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын Коомдук кеӊештери жөнүндөгү» Мыйзамында бекитилген жогорудагы  талаптарга жооп бербеген  документтерди  жиберген талапкерлер бул сынакка катышууга киргизилбейт.

Арыздарды кабыл алуу  2020-жылдын  10-марттында аяктайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: