Ошто 15 жаштагы бала жүк ташуучу унаа менен эки аялды сүзүп кетип, бир аял каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, 19-февралда Тээк айылынын 15 жаштагы тургуну атасынын “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын айдап кеткен.
Маалыматтар боюнча, баланын достору чөпкө барып келиш үчүн атасынын унаасын алып турууну айтышкан. Болжол менен саат 19:50дө 15 жаштагы бала эки аялды сүзүп кеткен. Бирөөсү жеринен каза болуп, экинчиси ооруканага жеткирилген.
Аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ