Menu

Кыргыз ветеринарлары Жапон жергесинде окуу курсунан өтүп жатышат

Бөлүшүү:

КРнын Ветеринардык палатасы менен Жапон өлкөсүнүн JICA кызматташтык агенттигинин өз ара мамилелеринин алкагында 10 ветеринардык адис Хоккайдо префектурасынын Токати округуна караштуу Обихиро шаарында кыска мөөнөттүү окуу курсунан өтүп жатышат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш  өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-февралда билдирди.

Окуу курсу, жеке ветеринардык секторду мамлекеттик жана академиялык коомчулук менен өз ара айкалыштыруунун негизинде өркүндөтүүгө багытталган жана 11-февралдан 28-февралга чейин уланат.

Учурда тренингтин катышуучулар бир жумалык теорялык окуу программасынын алкагында 20 лекциялык программаны өздөштүрүшүп,20- февралдан баштап 6 тамак-аш өндүрүү чынжырчасындагы мал чарба объектилерине баруу менен практикалык курстардан өтүшөт.

Окуу курсу JICA эл аралык кызматташтык агенттигинин Обихиро шаарында жайгашкан окуу борборунда, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, Кыргыз улуттук агрардык жана Ош мамлекеттик университеттеринин жана жеке ветеринардык врачтардын райондук бирикмелеринин катышуусунда өтүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: