Кант шаарында 20-февралга караган түнү болжол менен саат 00:08де Чоң Чүй каналына унаа түшүп кеткен.
ЖКККБнын басма сөз кызматы кабарлагандай, “Мерседес Бенц” унаасынын 28 жаштагы Ч.И. аттуу айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, каналга түшүп кеткен.
Кырсыктан улам унаанын айдоочусу жана 21 жаштагы жүргүнчү каза болгон.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ