Бишкекте коомдук транспорттон телефон уурдаган чөнтөкчү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 22-февралда билдирди.
Алардын айтымында, 20-февралда №202 маршруттук таксиден 17 жаштагы баланын уюлдук телефонун белгисиз адам уурдап кеткен. Мындай уурулук №106 маршруткада дагы болуп, 15 жаштагы өспүрүмдүн телефону уурдалган.
Балдардын ата-энелери милицияга кайрылышкан. Аталган факт катталып, ууруну издөө иштери башталган. Көп өтпөй эле милициянын кызматкерлери шектүү катары 1995-жылы туулган С.Т. аттуу жигитти кармашкан.
Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендигин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ