Чүй облусундагы Лебединовка айылында жеңил автоунаа 63 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы билдирди.
Алардын айтымында, жол кырсыгы күн мурун болгон. “Хонда фит” үлгүсүндөгү автоунаа 63 жаштагы аялды сүзгөн. Алган жаракатынан улам жеринен каза болгон. Унаанын 60 жаштагы айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен эмес.
Унаа айып айып короосуна киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ