Сактансаң- сактайм, деген экен эгем. Биздин макоо жетекчилик ушуну түшүнбөй койду! Өпкө оорусунун вирусу шумдук тез жайылып баратат! Канча какшасак да, чек араны жаппадыңар! Кытайдан өз жарандарыбыз менен чет элдиктер да, кытайлар да келип эле атышат. Аларды карантинге алган киши жок.
Өкмөттөгүлөр ойлойт окшойт, “бизге жукпайт, эл көп чогулкан жерге барбайбыз, деп. Бекер кыласыңар. Өкмөттөгү кемпайлар, силерге жукпаган күнү да, элге жукса, акмактыгыңар, элге кара санаганыңар үчүн, эл биринчи болуп так силерди жакадан алат! Ошону унутпасаңар! Силер базар, дүкөндү кыдырбасаңар, койнуңарда жаткан катын, токолдоруңар, кыз, келиниңер дүкөндөн чыкпайт! Ошолор жугузат силерге өнөгөсүз өпкө оорусун, кем чонтойлор! Ак үйдүн дубалы сактап кала албайт силерди!
Баян Жумагулова, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ