Menu

Кыргыз-грузин кызматташтыгынын маселелери талкууланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-февралда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Грузиянын Кыргыз Республикасындагы (резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан) Элчиси Зураб Абашидзени кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектерин конструктивдүү негизде талкуулашты.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууларды активдештирүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жетишилди. Тараптар 2020-жылга пландалган биргелешкен иш чараларды өткөрүү маселелерин, анын ичинде, Грузиянын Тышкы иштер министри Д.Залкалианинин Кыргыз Республикасына расмий сапарын уюштуруу маселесин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле, өз ара кызматташуунун келечектүү чөйрөсү туризм экендигин белгилешти. Кыргыз тарабы бул багытта Грузиянын тажрыйбасын алууга, ошондой эле туризм чөйрөсүндөгү грузин компанияларын Кыргыз Республикасынын рыногуна тартууга кызыкдарлыгын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында эл аралык жана региондук күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашылды. Ошондой эле көп пландуу эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө өз ара ниет тастыкталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: