Кечээ, 24-февралда Бишкектеги Биринчимай РИИБнин С.С. менен А.А. аттуу участкалык инспекторлору 7000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 19-февралда ИИМдин ички иликтөө кызматынан Р.И. аттуу жаран кайрылып, ал майда бейбаштык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштөгү “маселени оң жагынан чечип берем” деп 10 миң сом талап кылып жаткан Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБдин милициянын аймактык кызматкерине тиешелүү чараларды көрүүнү суранган.
Аталган факты КРнын Жазык кодексинин 326-беренесинин (Опузалап пара алуу) негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 7000 сом акча каражатын алуу учурунда Биринчимай РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү С.С. менен А.А. аттуулар кармалган.
Учурда иликтөөнү ИИМдин тергөө кызматы жүргүзүп жатат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ