Menu

Лицензиясынан ажыраган адвокат кардарын 14 миң долларга алдап кеткен

Бөлүшүү:

Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-февралда билдирди.

Алардын айтымында, 2019-жылдын 10-декабрында милицияга 65 жаштагы А.У. аттуу жаран кайрылган. Ал 2014-жылы шектүү өзүн адвокат катары тааныштырып, баласына козголгон кылмыш ишти бүтүрүүгө убада берип, 14 миң долларды алгандан кийин убадасын аткарбай, качып кеткен адамга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт КРнын 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 60 жаштагы Д.С. кармалган. Ошондой эле 2009-жылы Юстиция министрлигинин буйругу менен адвокаттык лицензиясынан ажыратылган. Ал акча алган учурда адвокат болгон эместиги аныкталган.

Шектүүнү Сокулук районундагы убактылуу кармоочу жайына киргизишкен. Андан кийин соттун чечими менен №1 ТИЗОго камакка алышкан.

Кармалган жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендигин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: