Menu

Кыргызстан Ирандан, Түштүк Кореядан, Италиядан жана Япониядан келгендер үчүн карантин киргизди

Бөлүшүү:

Кыргызстан Ирандан, Түштүк Кореядан, Италиядан жана Япониядан келген жарандарга карантин киргизди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин директору Рыспек Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган өлкөлөрдүн жарандары 14 күндүк карантинден өтүп жатышат. Текшерүүдөн кийин коронавирус илдети аныкталбаган болсо, компания кепилдик каты менен кызматкерлерин жеке карантинге дарыгерлердин көзөмөлүндө алууга болот.

Бүгүнкү күндө коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 80 146 жетти. Бир сутка ичинде 989 адам чалдыккан. Аталган вирустан 2 699 адам каза болгон. Ал эми айыккандардын саны 27 563кө жеткен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: