Menu

25-февралга карата 73 миң салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

Бөлүшүү:

25-февралына карата 72 миң 949 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен 17 миң 488 юридикалык жак, 33 миң 702 жеке ишкер, 8 миң 568 жеке жак, 2938 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 10 миң 253 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-мартка чейин юридикалык жактар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 1240 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: