28-февралда Бишкектеги К.Баялинов атындагы балдар китепканасында (саат 09:00дө) “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Таймаштын тандоо туру 27-январдан 1-февралга чейин Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Баткен облустарында жана Бишкек шаарында болуп өттү. Ага өлкө боюнча 7 жаштан 12 жашка чейинки 2200 окуучу катышып, 121 окуучу финалдык турга жолдомо алган.
Таймаштын максаты – балдар арасында кыргыз тилин, балдар адабиятын жана маданиятын жайылтуу. Балдарды, ата-энелерди китеп окууга, журнал окууга тартуу болуп саналат.
Финалдык турда жеңген катышуучуларга ноутбук, велосипед жана букридер сыяктуу байгелер ыйгарылат.
“Баластан кубогун” “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата, Билим берүү жана илим министрлиги менен “Баластан” интерактив журналы биргеликте уюштуруп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ