Menu

Видео – Конституциялык палатынын судьялыгына талапкерлер канча айлык аларын айтышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Конституциялык палатынын судьясы кызматына үч талапкер каралып жатат.

Баяндаманы президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев жасады. Ал президент Мукамбет Касымалиевди, Мээргүл Бобукееваны жана Латип Жумабаевди Конституциялык палатынын судьясы кызматына сунуштаганын айтып, депутаттардын колдоп берүүнү суранды.

Депутат Дастан Бекешов талапкерлерге кайрылып, “2018-2019-жылдагы бирдиктүү салык декларациясын тапшырдыңарбы” – деп суроо салды. Талапкерлердин бардыгы тапшырышканын билдирди.

“Анда айткылачы, бир жылда канча толук киреше жана толук чыгаша көрсөттүңөр?” – деп депутат сурады.

“Кирешеси 1 миллиондун тегерегинде. Ал айлык менен пенсия. Чыгашасы 200-300 миңдин тегерегинде” – деди Мукамбет Касымалиев.

“2018-жылдыкы 1,1 болсо керек. Керек болсо кагаз түрүндө берейин” – деди Мээргүл Бобукеева.

Ал эми Латип Жумабаев эсинде жок экенин айтып, “Эгерде талап болсо, жазуу түрүндө берейин” – деп жооп берди.

“Бизде кирше 1 миллион сом болсо, жүргөнү, жашаганы миллион сомго окшошпойт. Андан ашык көрүнөт” – деди эл өкүлү.

“Конституциялык палатынын судьясы канча сом айлык алат? Алган маянасы жетеби?” – деп сурады Дастан Бекешов.

Мээргүл Бобукеева 40 миң сомдун тегерегинде аларын айтты.

Мукамбет Касымалиев колго 46 миң ала турганын айтып,  ара кайсы судья иш тажрыйбасына жараша аларын айтты. Андан тышкары 35 миң сом пенсия аларын айтып, айлык маяна кеңири жетерин айтты.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: