Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапары бүгүн, 27-февралда Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт эскерди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ