Menu

Видео – Мыктыбек Абдылдаев: “Дыйкандарга суу жетпей жатса, “Орто-Токой” суу сактагычында топтолгон суу сатылып кетүүдө”

Бөлүшүү:

«Орто-Токой» суу сактагычында июнь айында эле суу калбай калууда. Таң калыштуу, ал кайда кетип жатат? Ачыгын айтып коелу, анын 42 пайыздан ашыгы сатылып кетүүдө. Ошондон улам, дыйкандарыбыз жайкысын сугат суусуз калууда. Бул тууралуу депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңеште 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Суу ресурстары агенттигинин башчысы Абдибай Жайлообаев «Орто-Токой» суу сактагычында жыл сайын 140 млн куб суу топтоло турганын, аны менен 148 миң жерди сугарса болорун, анын ичинде Казакстандын да үлүшү бар экенин, Кыргызстан азыр анын 22 пайызын гана колдонуп жатканын белгиледи. «Суу «Орто-Токой» суу сактагычынан эле келбейт, орто жолдон дагы бери дегенде 10 суу кошулат. Бишкек шаарынан эле үч ири суу бар. Азыр рынок заманы, суунун наркы болушу керек. Биз дыйкандарды сугат суу менен толук камсыз кылууга тийишпиз. Мен баарын дыкат иликтеп чыгып, видеого тарттырып койдум. Эми июнь айында «Орто-Токой» суу сактагычында канча суу калганын көрөбүз.

Белгилей кетсек, Өкмөттүн маалыматына караганда, эки тараптуу келишимге ылайык «Орто-Токой» суу сактагычынын 52 пайызы Кыргызстанда калып, 48 пайызын Казакстан пайдаланууга тийиш.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: