Menu

17 жаштагы Рахмидин кызы Мадина изделүүдө

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында 2003-жылы туулган Рахмидин кызы Мадина изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 28-февраль күнү билдирди.

Алардын айтымында, 23-февраль күнү болжол менен саат 11:30 чамасында үйүнөн таарынып чыгып
кеткен бойдон бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз жок болууда.

Учурда 17 жаштагы Рахмидин кызы Мадинанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, чачы кара узун, өңү кара тору, орто келбетте, көзү кара, кашы кара.

Кийген кийимдери: Башында сыя түстөгү жоолук, үстүндө кара түстөгү куртка, ичинде көк түстөгү көйнөк, кара түстөгү джинсы шым, бутунда кара түстөгү өтүк.

Жогорудагылардын негизинде дайынсыз жоголгон 2003-жылы туулган Рахмидин кызы Мадинанын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалыматтар болсо, (03748) 5-02-09, (0777) 80-65-68, (0550) 31-31-22 телефон номерлерге кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: