Япониядагы “Diamond Princess” круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов бүгүн, 28-февралда пресс-конференциядан билдирди.
Анын айтымында, 26-февралдагы кечки тесттин жыйынтыгы кыргызстандык жаранда коронавирус бар экенин көрсөткөн. Ал оорунун айкын белгилери жок, жеңил өтүп жатканын кошумчалаган.
“Негизинен жарандын абалы туруктуу. Анда дене табынын жогорулашы, жөтөлүү, ооруксунуу жок. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө” – деген Нурлан Абдрахманов.
Министрдин орун басары Кыргызстандын Япониядагы элчилиги Япониянын тышкы иштер министрлиги менен тыгыз байланышта экенин кошумчалаган.
Белгилей кетсек, аталган кеме 5-февралдан бери карантинде токтоп туруп, 19-февралда карантинден чыккан. Анын ичинде 3 700 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү бар болгон. Кыргызстандык жаран лайнерде экипаждын мүчөсү катары болгон. Белгилүү болгондой, лайнерде кыргызстандык менен чогуу жашаган кошунасынан коронавирус табылган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ